БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Бишкекте өтүп жаткан ШКУ премьер-министрлеринин саммитинде деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.
Анын айтымында, Монголия деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн жүк ташуу маселесин өзүнчө кароого чакырат.
"Деңиз — бул ага кире алган мамлекеттердин менчиги эмес, ал баарына жеткиликтүү болушу шарт. Бул бардык өлкөлөрдүн тең салмактуу өнүгүшүнө чоң салым болот", — деген ал.
Эскерте кетсек, Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйыны өттү. ШКУга тогуз мамлекет кирет. Андан сырткары үч өлкө байкоочу статусуна ээ. Ал эми 14ү диалог боюнча өнөктөш.