БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Инсульт менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата кыргызстандыктар Улуттук госпиталдын №2 неврологиялык бөлүмүндө акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.
Билдирмеге ылайык, акция 28-октябрда саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт. Анын алкагында каалоочулар неврологиялык кароодон өтүп, кан басымын өлчөп, кандагы канттын деңгээлин текшертип, дене салмагынын индекстерин эсептетип, бөлүмдүн тажрыйбалуу дарыгерлеринен кеңеш ала алышат.
"Иш-чара мээдеги кан айлануусу бузулган бейтаптарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган. Андан жабыркагандардын, каза болгондордун жана майып болуп калгандардын саны өскөндүгүнө байланыштуу инсульттун баштапкы белгилерин аңдап-сезүү чоң мааниге ээ. Ошондуктан бул күнү дарыгерлер инсультту алдын алуу жолдорун, анын баштапкы белгилерин билүү керектигин түшүндүрүп беришет.
Инсульт – мээдеги кан айлануунун бузулушу, ал баш мээнин жабыркашына алып келет. Ага чалдыккан адамдын колу-буту иштебей, сүйлөй албай калышы мүмкүн, көрүүсү, эс тутуму начарлайт, өтүшүп кетсе майып болот, ал тургай өлүмгө жеткирет", — деди борбордон.
Статистика боюнча, 2022-жылы республикада мээдеги кан айлануунун бузулушу менен 27 219 учур катталып, анын ичинен 8 562си инсульт деп аныкталган.