Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити

КМШ баш катчысы Бишкекте өткөн иш-чараларга баа берди

Лебедевдин айтымында, кыргыз тарап салттуу меймандостугун көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык иш-чараларды ийгиликтүү өткөрдү. Бул тууралуу КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев КМШ жана ЕАЭБ премьер-министрлеринин кеңешмеси аяктаган соң журналисттердин алдында сүйлөп жатып билдирди.
Ал Кыргызстанда ШКУ өкмөт башчылар кеңешинин, ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңештин жана КМШ премьерлеринин жыйыны болуп өткөнүн эске салды.
"Үч форум менен эки сапарды уюштурган кыргыз тарап өз милдетин мыкты аткарды, салтка айланган меймандостугуна баарыбыз кандык. Үч маанилүү форумдун ийгиликтүү өтүшүнө бардык шарттар түзүлгөн", — деди Лебедев.
Ал КМШ премьер-министрлеринин саммитинин жыйынтыгы менен катышуучулар кызматташтыкты жана өлкөлөрдүн өз ара кызматташуусун тескеген 20 документке кол коюшкан.
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси