2023-жылдын антирекорду: АКШда белгисиз киши 22 адамды атып өлтүрдү

ЖМКлар полиция шектүүнү кармай электигин кабарлап жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШнын Мэн штатынын Льюистон шаарында белгисиз адам элге ок атып, 22 киши каза болгонун Fox 5 Atlanta телеканалы кабарлады.
Gun Violence Archive уюмунун маалыматына ылайык, ушул жыл ичинде куралдуу кол салуудан мынча көп адам өмүрү кыйылган эмес. Тагыраагы, бул окуя өлкөдөгү антирекорд. Антирейтингде экинчи орунга Калифорния штатынын Монтерей-Парк шаарында болгон окуя илинген. Андагы куралдуу кол салуудан 11 адам көз жумган.
CNN телеканалы билдиргендей, Мэн штатында 60тай адам жарадар болгон. Тергөө иштерине Федералдык иликтөө бюросунун кызматкерлери кошулган. Алдын ала маалыматтар боюнча, белгисиз адамдар шаардын үч жеринен элге ок аткан.
Окуя боюнча АКШ президенти Жо Байденге маалымат берилгени айтылды. ЖМКлар шектүү кармала электигин жазышууда.
ABC News билдиргендей, шектүү Роберт Кард ок атуучу курал боюнча инструктор. Ал психикалык жактан ооруйт жана буга чейин мындай ишке барарын айтып коркутуп жүргөнү маалым болду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Жай тургундарды атып…". Рубежныйдагы абалдан баян