ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

Акылбек Жапаров: 2024-жыл ШКУда Экология жылы деп жарыяланды

Бүгүнкү күндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды же дүйнө элинин 42 пайыздан ашыгын түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Келерки 2024-жыл Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мейкиндигинде Экология жылы деп жарыяланды, бүгүн аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чаралардын планы кабыл алынат. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ШКУ премьер-министрлер кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан "жашыл" экономиканын принциптерине этап-этабы менен өтүүдө, экономиканын тармактарында "жашыл" багыттарды кийинчерээк ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук жана институционалдык база түзүлүп жатат.
"Муну эске алуу менен уюмдун алкагында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу жана технологияларды колдонуу биздин өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин жумшартуу боюнча кеңейтилген кызматташтыкка көмөктөшүү маанилүү. Биз климаттын өзгөрүшүнө, абанын жана суунун булганышына каршы күрөштө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо күчтөрдү бириктирүүнү сунуштайбыз. Бул тармактын маанилүүлүгүн эске алуу менен келерки 2024-жыл ШКУнун Экология жылы деп жарыяланды жана бүгүн аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар планы кабыл алынат", — деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы муну менен бирге айыл чарбасы өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойной турганын, климаттын өзгөрүшүндө дагы таасирин тийгизерин белгиледи.
"Биз казак тараптын ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү демилгесин колдойбуз", — деди өкмөт башчы.
Жапаров өз сөзүндө ШКУ ичинде кызматташтыкты өнүктүрүү, экономика, энергетика тармагындагы маселелерге да токтолду.
Эскерте кетсек, ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Индия, Өзбекстан, Тажикстан, Иран мүчө. Афганстан, Монголия жана Беларусь байкоочу макамына ээ. Дагы 14 мамлекет диалог боюнча өнөктөш болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды же дүйнө элинин 42 пайыздан ашыгын түзөт. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ИДП 45 трлн. доллардан ашат.
Саммиттин түз эфирин да көрсөңүздөр болот.
Радио
Кыргызстанда жашыл экономика программасы иштелип чыгууда