Бишкектеги китепканага белгилүү акын Расул Гамзатовдун бюсту коюлду. Сүрөт

Гамзатов менен Айтматовдун калемгерлик жана замандаштык достугу эки элдин да достугу болгондугу белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкектеги Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасына Расул Гамзатовдун бюсту орнотулуп, акынга арналган атайын бурч ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Китепканада белгилүү авар жана орус акыны, публицист, саясий ишмер Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына карата “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу иш-чара өткөн.
1 / 3

Бишкектеги Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасына Расул Гамзатовдун бюсту орнотулуп, акынга арналган атайын бурч ачылды

2 / 3

Китепканада белгилүү авар жана орус акыны, публицист, саясий ишмер Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына карата “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу иш-чара өткөн

3 / 3

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Расул Гамзатов менен Чыңгыз Айтматовдун калемгерлик жана замандаштык достугу – эки адамдын эмес, эки элдин, эки мамлекеттин достугу болгондугун айткан

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Расул Гамзатов менен Чыңгыз Айтматовдун калемгерлик жана замандаштык достугу – эки адамдын эмес, эки элдин, эки мамлекеттин достугу болгондугун айткан.
Расул Гамзатов 1923-жылы 8-сентябрда Дагестандын Хунзан районунун Цада айылында туулган. 9 жашынан баштап ыр жазган. Алгачкы чыгармалары 1937-жылы басылып чыга баштаган. Авар тилиндеги биринчи китеби 1943-жылы жарык көргөн. Андан тышкары, орус классикалык адабиятын авар тилине которгон. Акындын көптөгөн чыгармалары калың окурманды топтогон.
Россиянын илим министри Айтматовдун тил жөнүндө айткандарына токтолду