ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

Кыргызстанга Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян келди. Видео

Конокту "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекке Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян расмий сапар менен келди.
"Манас" аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
1 / 5

Бишкекке Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян расмий сапар менен келди

2 / 5

"Манас" аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды

3 / 5

Расмий сапардын алкагында Цян Кыргызстандын президенти жана премьер-министри менен жолугушары күтүлүүдө

4 / 5

Анда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланып, документтерге кол коюлат

5 / 5

Кытай премьери 26-октябрда Бишкекте өтөт турган ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат

Расмий сапардын алкагында Цян Кыргызстандын президенти жана премьер-министри менен жолугушары күтүлүүдө. Анда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланып, документтерге кол коюлат.
Кытай премьери 26-октябрда Бишкекте өтөт турган ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Бишкектеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер