БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте 26-октябрь күнү ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин 6-саясий департаментинин экспорт, туризм жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Арипов брифингде билдирди.
Анын айтымында, жыйындын жүрүшүндө премьер-министрлер түрдүү багыттагы 30 маселени талкуулашат. Ал ошондой эле ЕАЭБдин алкагында 2030-жылдан 2045-жылга чейинки интеграциялык процесстердин негизги багыттары карала турганын белгиледи. Мындан тышкары, өкмөт башчылар ЕАЭБдин иши, рейтингдик агенттик түзүү жана өнөр жай тармагындагы кооперациялык долбоорлорду түзүү боюнча маселелерди талкуулашат. Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынан кийин бир катар документтерге кол коюлушу мүмкүн.
КР ТИМнин 1-саясий департаментинин директорунун орун басары Жылдыз Кожобекова 23-26-октябрь аралыгында бир катар саясий иш-чаралар өтө турганын кабарлады.
Анын айтымында, 23-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чакыруусу менен Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэнин жумушчу сапары башталды. Анын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ал эми 24-25-октябрда Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цяндын расмий сапары башталат. 26-октябрда борбор калаада ШКУ менен КМШнын өкмөт башчыларынын саммити болот.
"Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда. Демилгеленген иш-чаралар өтө көп. Алдыдагы жыйындарда өкмөт башчылар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашат. 19 документке кол коюлары пландалууда", — деди Кожобекова.