25-октябрга карата аба ырайы

25-октябрга караган түнү өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет берген маалыматка ылайык, шаршембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17...+22, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +19...+24, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10...+15, ал эми Нарын облусунда +13...+18 градуска чейин күн жылыйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +20...+22, ал эми түштүк борбор Ош шаарында +22...+24 градуска чейин жетет.
Министрлик окуучулардын күзгү каникулу качан башталарын эскертти