Иммунитетти чыңдайт. Гастроэнтеролог сары майдын маанисин түшүндүрдү

Сары майдын эң маанилүү компоненти болгон май кислотасы кан тамырларды тазалап, ичеги-карын микрофлорасына кыйла пайдалуу экенин белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Күз мезгилинде суукка урунтпай, ден соолукка мыкты жардам берген азыктардын сап башында сары май турат. Бул тууралуу гастроэнтеролог жана диетолог, Башкыртстандын ММКФнын башкы адиси Элвира Белева айтып бергенин "Известия" жазды.
Адис сары май жасалып жатканда азыктан зыяндуу заттардын баары чыгып, пайдалуусу гана каларын белгилеген. айтымында, ал В, А, Е, D, PP витаминдерине бай, мындан тышкары, фосфор, темир, кальций, цинк, жез бар. Дарыгер азыктын эң маанилүү компоненти болгон май кислотасы кан тамырларды тазалап, ичеги-карын микрофлорасына кыйла пайдалуу экенине токтолду.
"Сары май 250 градуста жана андан ысык температурада даярдалат. Демек, тамак жасаганда да колдонсо болот, бузулуп кетпейт. Суук тийгенде сары майды ысык сүткө кошуп ичкен абдан пайдалуу. Ал дем алуу органдарын "майлап", какырыктын чыгышына жардам берет", — деди Белева.
Макалада суук тийүүдөн С витаминине бай азыктар да сактай турганы белгиленген. Буга апельсин, грейпфрут, лимон жана лайм кирет. С витамини кан тамырларды бекемдеп, иммунитетти көтөрөт. Мындан тышкары, лейкоциттердин иштелип чыгышын шарттайт.
Ангинаны КРВИден айырмалай аласызбы? Биле жүрчү маалымат