ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

25-26-октябрда Бишкек менен Сокулуктагы бардык билим берүү жайлары онлайн окушат

Бул күндөрү бала бакчалар да иштебей турганы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 25-26-октябрда Бишкектеги жана Сокулук районундагы билим берүү уюмдары (мектеп, менчик түрүнө карабастан орто жана жогору билим берүү уюмдары) аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүүчү жайлардын саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова маалымат жыйын учурунда билдирди.
Бул күндөрү Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтмөкчү. Ага катышуу үчүн ШКУ жана КМШ өкмөт башчылары, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери, Монголиянын премьер-министринин келиши күтүлүүдө.
Ал учурда бала бакчалар да иштебей турганы маалым болду.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
25-27-октябрда Бишкек менен Чүйдүн айрым көчөлөрү жабылат