Сириянын легерлериндеги кыргызстандык 21 аял жана 63 бала кайтарылды

Миссиянын алкагында КР делегациясы Сириянын түндүк-чыгыш аймагынын жашоочуларына дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткирген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн, 22-октябрда, Сириядан кыргызстандык 21 аял, 63 бала кайтарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекендештер Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерлерде баш калкалаган КР жарандарынын репатриациясы боюнча "Айкөл-3" деп аталган атайын операциянын натыйжасында кайтып келишкен.
Кыргызстандын министрлер кабинети репатриациялык иш-чараны жүргүзүүгө көмөк көрсөткөн бардык тараптарга, анын ичинен АКШ өкмөтүнө, БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Кызыл чырым эл аралык комитетине ыраазычылык билдирди.
Аталган миссиянын алкагында КР делегациясы Сириянын түндүк-чыгыш аймагынын жашоочуларына дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткиргени айтылды.
Эскерте кетсек, август айында да Сириядан 100гө чукул кыргызстандык алып келинген.
Израилдеги үч кыргызстандык чыгарып кетүүнү өтүнүп ТИМге кайрылды