БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкекте россиялык жазуучу жана сүрөтчү Лев Канторовичтин "Кутан Торгоев" аттуу китеби кыргыз тилинде чыкты. Бул тууралуу жазуучу Абибилла Пазылов билдирди.
Китепте 1930-жылдары Ысык-Көлдүн тоолорунда кызмат өтөгөн чек арачылардын аткезчилер менен күрөшү баяндалат. Башкы каарман чек арачы Кутан Торгоев болот. Повесть алгач 1937-жылы "Советтик жазуучу" басылмасында жарык көрүп, 1965-жылы автордун "Полковник Коршунов" жыйнагына кирген.
"Китепти эми кыргыз тилинде окууга болот. Аны орусчадан Изиля Рахимова менен биргеликте котордук. Китептин аягында баш каарман жана автор тууралуу сүрөт жана документтерди чек арачынын уулу, белгилүү окумуштуу Исакбек Торгоев берди", — деди Пазылов.
Китеп чийме жана гравюралар менен кооздолгон.