Кыргызстан Борбор Азия үчүн электрондук коммерция борборуна айланышы мүмкүн

Министрдин орун басары электрондук коммерция өлкөнүн санариптик экономикасынын өсүшүнүн негизги драйвери экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн электрондук коммерция борборуна айланышы мүмкүн. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Бишкекте өткөн E-Commerce EXPO 2023 форумунда билдирди.
Форум по электронной коммерции E-Commerce EXPO 2023 в Бишкеке
"Биз өлкөнү Борбор Азиянын санариптик борбору катары көрсөтүүгө умтулуп, бул жаатта олуттуу ийгиликтерге жетишкенге аракет кылабыз. Тармак тыным албаган ишкердик аракеттин, салыштырмалуу жакшы интернеттин жана санариптик соодадагы күчтүү мамлекеттик-жеке диалогдун аркасында тез өнүгүп жатат", — деген ал.
Министрдин орун басары электрондук коммерция өлкөнүн санариптик экономикасынын өсүшүнүн негизги драйвери экенин белгилеген.
Форумга Visa, OZON, Alibaba аттуу ири компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле маркетплейс, логистика, инфраструктура, шаарлар аралык соода темалары боюнча эксперттер тажрыйбалары менен бөлүшкөн.
Экономика министрлиги 2023-2026-жылдарга электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмалар коюлганын билдирди:
электрондук соода чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу;
мыйзамдарды ЕАЭБдин талаптары менен шайкеш келтирүүнү талап кылган маселелерди чечүү;
электрондук коммерциянын катышуучуларынын тоскоолдуктарын минималдаштыруу;
электрондук соода паркын түзүү;
чек ара аймактарындагы товарлар үчүн бажы кампаларын түзүү;
мамлекеттик органдардын жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын "бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызматташуусуна шарт түзүү;
интернет-платформасын түзүү;
санариптик ишкердикти өнүктүрүүнүн жана колдоонун аймактык борборлорун түзүү;
электрондук коммерция чөйрөсүндө бизнес-ассоциацияларды колдоо жана күчтөндүрүү.
Быйыл ЕАЭБ менен Ирандын эркин соода жүгүртүүсү боюнча келишимге кол коюлат