Радио

Күзгү депрессиядан чыгуунун жөнөкөй жолдору айтылды

Психолог Шолпан Мамытова күз айында маанайдын туруктуу болушуна таза абада сейилдөө жардам берерин айтты.
Sputnik
Күзгү депрессиядан жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерди сактоо менен эле чыгып кетсе боло турганын Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, түшүнүксүз ойлордон жана сезимдерден кутулуу үчүн баарлашуу, сейилдөө, туура тамактануу жана уктоо режиминин туруктуулугу жетиштүү.
"Күз айларында туруксуз аба ырайынан улам адамдын маанайы да ар кандай болуп, бат-баттан өзгөрүлүп депрессияга чалдыгышы мүмкүн. Бул нерседен жөнөкөй, бирок маанилүү болгон эрежелерди сактоо менен эле чыгып кетсе болот. Биринчи кезекте, адам бул учурда көбүрөөк сейилдеши зарыл. Түшүнүксүз ойлордон, түшүнүксүз сезимдерден арылууга туура тамактануу, баарлашуу да жардам берет. Эң маанилүүсү, уйку режиминин сакталуусу кажет. Түнкү уйкуну эч убакта күндүзгү уйку толуктай албайт. Адам жетиштүү уктабаса бат ачууланып, көп нерсени жактырбай, алсырайт. Уйку эмоционалдык абалга түздөн-түз таасир этет", — деди психолог.
Ал эмоцияларды туура багыттоо маанилүү экендигин кошумчалады.