Ангинаны КРВИден айырмалай аласызбы? Биле жүрчү маалымат

Дарыгер КРВИ болгон учурда антибиотик жардам бербей турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Дарыгер оториноларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцев КРВИ менен ангинанын белгилери бирдей болгону менен аларды дарылоо жолдору эки башка экенин түшүндүрүп берди. Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазды.
Анын айтымында, курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) аты айтып тургандай эле вирустук оору болуп саналат. Ал грипп же коронавирустан башталып, курчуганда бактериалдык мүнөзгө өтүп, кээде пневмонияга дагы айланышы мүмкүн. Ал эми ангинанын козгогучу бактерия болот. Негизинен бул ооруну гемолитикалык стрептококк бактериясы же стафилококк флорасы пайда кылат.
“Кыскасын айтканда, КРВИ – бул вирус, ангина – бактерия”, — деп түшүндүргөн Зайцев.
Ангина кармаганда тамак катуу ооруп, кызарып, жута албай, температура көтөрүлүп кетет. Суук тийгенде (КРВИде) дене жанчылып, алсырап, көздөр ачышат. Мында да дене табы көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле мурундан суу агып, тамак кызарат.
Зайцев бул ооруларды дарылоо жолу эки башка экенин айткан. Ангинада антибиотик керек. Бирок дарыны адис менен кеңешип гана ичүүгө болорун эскерткен. Антибиотиктерди туура эмес колдонсо кийин организмге таасир бербей калышы мүмкүн. Ангина менен ооруган адам үйдөн чыкпай, төшөктө жатып дарыланганы оң.
Ал эми КРВИ болгондо жылуу, кычкыл сууну көбүрөөк ичүү сунушталат. Вирустук инфекция болгон учурда антибиотиктин кереги жок, алар жардам бере албайт. Алар оору күчөп, бактериалдык мүнөзгө айланган учурда гана сунушталат. КРВИ менен ооруган адам мурдуна дары тамызып, антисептиктерди колдонушу керектиги айтылган.
Радио
Кыргызстанда жылына эмчек рагына кабылган 700 жаңы учур аныкталат