Сейсмологдор: казак-кыргыз чегиндеги жер титирөөнүн магнитудасы 4,9га жетти

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында магнитудасы 4,9га жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, силкинүүнүн эпиборбору Алматыдан батышты карай 176 чакырымда жатат. Сейсмологиялык тажрыйба-методикалык экспедиция казакстандыктар жер титирөөнү сезбегенин билдирди.
Эске салсак, бүгүн саат 13:33тө Бишкекте жер титиреген. Айрым шаардыктар үйдөн тышка чуркап чыгышканын айтышууда.
Бишкекте жер титиреди