ЕАЭБде соода жүгүртүү жыл аягына чейин 100 млрд. долларга жетери болжолдонду

Элчи ЕАЭБ өлкөлөрү 2022-жылдан бери улуттук валютага активдүү өтүп жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү жыл аягына чейин 100 миллиард долларга жетет. Бул 2015-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп көрсөткүч экенин Беларустун Россиядагы элчиси Дмитрий Крутой "Россияда жасалган" эл аралык экспорттук форумдун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, мындай көрсөткүчкө ири инвестициялар жардам берген.
"Инвестициялык канал өнөр жай, айыл чарба, жүк ташуу, башкача айтканда, реалдуу секторго салыштырмалуу тезирээк өсүп турат. Бул абдан жакшы. 2030-жылга чейин инвестициялык каналдагы соода жүгүртүүдөн да, башка тармактардан да олуттуу киреше алабыз деп ойлойм", — деди элчи.
Крутой ошондой эле улуттук валютага өтүүгө да токтолду.
"Улуттук валютага өтүү 2022-жылдан бери күч алды. Быйыл улуттук валюта менен болгон сооданын үлүшү 83 пайызды түзөт деп күтүп жатабыз. Мурда Беларусь менен Россия бул жаатта алдыда болсо, азыр биримдиктин башка өлкөлөрү да бул процесске активдүү кошулуп жатканы көрүнүп турат", — деди дипломат.
ЕАЭБ менен Кытайдын товар айлантуусу рекорддук көрсөткүчкө жетти