Россия ӨКМи Газага 27 тонналык гумжардам алып жөнөп кетти. Видео

Газа секторундагы ооруканага ракеталык сокку урулуп, 500гө чукул адам каза болгон. Көбү балдар менен аялдар.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Россия Газа секторундагы жай тургундарга 27 тонналык гуманитардык жардам бөлдү, аны ӨКМ жеткирет. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы кабарлап, видеосун жарыялады.
Гуманитардык жардам жеткирүү тапшырмасын өлкө президенти Владимир Путин берген.
Маалыматта жүктөлгөн Ил-76 Раменское аэродромунан чыгып, Египеттин Эль-Эриш шаарынын аэропортуна сапар алганы айтылат. Анклавдын жашоочуларына арналган жардам ун, кумшекер, күрүч жана макарондон турат.
Эскерте кетсек, Израиль менен Палестинанын кандуу кагылышуусунан Газа секторунда жашаган калк көбүрөөк жабыр тартууда. Тель-Авив аталган аймактагы жарандык объектилерге да сокку уруп, суу, азык-түлүк, дары-дармек киргизбей блокадалоодо.
Соңку маалыматтар боюнча, эки тараптан тең каза болгондордун саны миңден ашты.
БУУнун Коопсуздук кеңеши милдетин аткара алган жок. Эрдоган Газа тууралуу