Батыш Палестинаны колдоп митингге чыккандарды кантип басып жатат. Видео

Ок атууну жана карапайым калктын кыргынын токтотууну талап кылган манифестациялар Жакынкы Чыгыштын дээрлик бардык мамлекеттеринде, Батыш өлкөлөрүндө өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ушу тапта Батыштын бир катар мамлекеттеринде Палестинага жан тартып, тилектеш экенин билдирип митингге чыккандар арбып жатат. Нааразы болгондорду бийлик кантип күчкө салып таратып жатканын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы кабарлап, видеолорду жарыялоодо.
Бүгүн эртең менен Вашингтондо палестиналыктарды колдоп 10 миңдей киши митингге чыкканын, алардын арасында еврей улутундагылар да болгонун Jewish Voice for peace ("Тынчтыкты колдогон еврей үнү") уюму билдирген. Нааразычылыгын билдирип Конгресстин алдына чыккан активисттердин арасынан ондогон адам имараттардын бирине кирип кеткен. Капитолий полициясы аларды кармап, манифестанттарды сүрүп чыгарган.
Ал арада Германиянын Берлин шаарында ири акция уюштурулуп, Палестинаны колдогондорду полиция кулак тундурган граната жана суу замбиректери менен кууду.
Белгилей кетсек, ок атууну жана карапайым калктын кыргынын токтотууну талап кылган манифестациялар Жакынкы Чыгыштын дээрлик бардык мамлекеттеринде, Батыш өлкөлөрүндө өтүп жатат.
БУУнун Коопсуздук кеңеши милдетин аткара алган жок. Эрдоган Газа тууралуу