Пресс-борбор

Бишкекте жаңылык жазуу боюнча мастер-класс өттү. Видео

Россиялык журналист Елена Загородняя Бишкектеги окуу жайлардын журналистика факультетинин студенттерине, жергиликтүү ЖМКлар менен иш-чарага онлайн катышкан Sputnik Казакстандын журналисттерине мастер-класс өттү.
Sputnik
Ал экономика, ЕАЭБ тууралуу жаңылыктарды жеңил жазуунун жолдорун Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн SputnikPro мастер-классынын жүрүшүндө айтып берди.
"Көпчүлүк редакцияларда экономикага байланыштуу теманы угушканда эч нерсе түшүнбөй тургандыгын айтышат. Чынында баары жөнөкөй. Ар бирибиздин тажрыйбабыз бар. Киреше таап, бир нерсе сатып алабыз же сатабыз. Экономика ушунун негизинде эле түзүлгөн. Экономикалык теманы түшүнүү үчүн алгач өзүңө карата мисал кылып көрүү керек. Экономикалык жаңылыктардын башкы максаты — маалыматты чечим чыгаруу үчүн сунуштоо. Анткени окурмандар экономикалык жаңылыктарды кандайдыр бир бүтүм, чечим кабыл алуу үчүн окушат", — деди Загородняя.
Анын айтымында, татаал жаңылыктарды жеңил берүүгө визуалдуу маалымат (инфографика) жардам берет.