ЕАЭБ менен Кытайдын товар айлантуусу рекорддук көрсөткүчкө жетти

Биримдик түзүлгөндөн бери бул көрсөткүч 2,8 эсеге көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кытай менен ЕАЭБ мамлекеттеринин товар айлантуусу рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу ЕЭК төрагасы Михаил Мясникович Пекиндеги "Бир алкак — бир жол" эл аралык форумунда билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч биримдик түзүлгөндөн бери 2,8 эсеге көбөйүп, 220 миллиард долларга чамалап барган.
"Соода-экономикалык өнөктөш менен мындан аркы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндө резерв бар", — деген Мясникович.
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин ЕАЭБ менен Кытай кызматташтыгы барган сайын күч алып баратканын айтып, "Бир жол — бир алкак" демилгесинин алкагында биримдик мамлекеттери 24 миллиард долларлык инвестиция камсыздап алышканын белгилеген.
Товарды маркалоо ЕАЭБ алкагында экспортко шар чыгууга жол ачат. Маек