Карындашына асылган кишини атып салган адам эркиндикке чыкты. Видео

Буга чейинки "Адам өлтүрүү" беренеси "Аффект абалында киши өлтүрүүгө" алмаштырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Токмокко жакын жерде карындашынын намысын коргоп, ага асылган кишини атып салган адам эркиндикке чыкканын анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.
Анын айтымында, буга чейинки "Адам өлтүрүү" беренеси "Аффект абалында киши өлтүрүүгө" алмаштырылып, бир жылга пробациялык көзөмөл дайындалган.
Эске салсак, каргашалуу окуя былтыр 1-июлда болгон. Аялдамада турган 33 жаштагы келин эртең менен жол тосуп бир машинага отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу киши бир аз жүргөндөн кийин эле аялга асыла баштаган. Келин эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан унаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп, эч бир себеби жок эле аялды уруп-согуп, чачынан сүйрөп сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам тез жардам келгенге чейин каза болгон.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, карындашын коргогон 36 жаштагы киши Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.
Кийин келин элге кайрылган.
"Мен өлтүргөн эмесмин". Үч адамдын өлүмүнө шектелген Аширалиев көрсөтмө берди