Россия менен Кытайдын премьерлери 2030-жылга чейинки планга Бишкекте кол коюшат

Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Россия менен Кытайдын премьерлери 2030-жылга чейинки биргелешкен планга Бишкекте кол коюшат. Анын конкреттүү жана маанилүү экенин Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Премьер-министрлер Бишкекте пунктуларды деталдаштырып, биздин 2030-жылга чейинки өз ара кызматташуу планына кол коюшу керек. Бул өтө жакшы план. Ал конкреттүү жана олуттуу. Мунун баары эки тараптуу жасалып жатат", — деди Путин.
Белгилей кетсек, ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын отуруму Кыргызстандын борборунда 25-26-октябрда өтөт.
Путин: "Бир алкак — бир жол" Россиянын Евразия боюнча идеясы менен үндөш