БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Пекинде өтүп жаткан "Бир алкак — бир жол" эл аралык форумуна катышып, соңунда сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
Төмөндө Россия президенти белгилеген урунттуу учурларга окурмандардын көңүлүн бурмакчыбыз:
Газага урулган сокку — апаат. Бул нерсени чатакты бүтүрүш керек деген белги катары кабыл алам;
Россия чырдын басаңдап же кайрадан күчөп кетишине карабай суверендүү Палестина мамлекетин түзүүнү дайыма жактап келген;
алыска атылуучу ATACMS ракеталарын берүү болгону Украинанын азабын создуктурат. Россия ага урулган чабуулдардын мизин кайтара алат, бул АКШнын кезектеги катасы;
Украинада кепке келүү боюнча ой толгоп жатышат. Бул туура бурулуш, муну мактап коюш керек, анткен менен аракет жетишсиз. Эгерде туура, максатка ылайык сүйлөшүүнү каалашса, артисттик керек эмес, туурасы — тыюу салган декретти жокко чыгаруу керек;
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Херсон багытындагы чабуулунун жыйынтыгы жок, ал эми жоготуулары бар;
АКШ эгерде Украинадагы чатакта "Россия жеңилип калды" десе, анда америкалыктар ATACMS ракеталарын жана башка куралдарын алып, өз жерине кайтышсын. Анын ордуна Россияга келип чай ичип кетсин;
Россиянын Аба-космостук күчтөрү Кара деңиздин асманында дайыма чабыттай баштады, учактар "Кинжал" системасы менен жабдылган. Бул опуза эмес, бирок Жер Ортолук деңизиндеги абалга байкоо салып турабыз;
Россия менен Кытай узак мөөнөттүү экономикалык прогресске, социалдык бакубаттуулукка жетишүү үчүн өз ара кызматташууга умтулат;
Кытайдын ийгиликтерине кубанабыз, себеби мунун баары көбүбүзгө тиешелүү;
Кытай менен Россиянын премьерлери 2030-жылга чейинки өз ара кызматташуу планына кол коет. Москва Пекин менен соода жүгүртүү тармагында Германияны кууп өтүп, АКШдан кийинки орунду ээледи.