Си Цзиньпин: Кытай эл аралык адилеттүүлүктү коргоодо Россия менен иштешүүгө даяр

Кытай менен Россиянын өз ара саясий ишеними тереңдеп бара жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кытай эл аралык адилеттүүлүктү коргоо үчүн Россия менен иштешүүгө жана дүйнөнүн өнүгүп, тынчтыктын орношуна көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу Кытай төрагасы Си Цзиньпин Россия лидери Владимир Путин менен Пекиндеги эки тараптуу жолугушууда айтканын РИА Новости билдирди.
"Кытай жалпы тарыхый тенденцияны так түшүнүү, дүйнөлүк өнүгүү багытын кармануу жана ар дайым эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына таянуу үчүн Россия менен бирге иштөөгө даяр. Эки тараптуу кызматташтыкты жаңы мазмун менен тынымсыз байытууга, эки өлкөнүн өнүгүшүнө, кайра жаралуусуна көмөктөшүүгө, эл аралык адилеттүүлүктү, калыстыкты коргоо жана дүйнөнүн жалпы өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө баш коёт", — деген Си Цзиньпин.
Ал Кытай менен Россиянын өз ара саясий ишеними тереңдеп, стратегиялык тыгыз кызматташуу бекемделип келерин айткан.
"Биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрү, ар кыл ведомстволору жана аймактары президент мырза экөөбүздүн ортобузда жетишкен макулдашууларды аткарууга болгон күчүн жумшап келишет", — деген Кытай лидери.
Ал "эки өлкөнүн өз ара ишеними тынымсыз тереңдеп, ал эми стратегиялык өз ара кызматташуу тыгыз жана майнаптуу бойдон калып жатканын" белгилеген.
Путин: Кытай менен Россия узак мөөнөттүү экономикалык прогресске умтулат