Кыргызстан Газадагы "Аль-Ахли" ооруканасына урулган соккуну кескин сынга алат

КР ТИМи жай тургундар арасында адам өлүмүн болтурбоо жана зордук-зомбулукка жол бербөө максатында тараптарды согуштук аракеттерди токтотууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Газа секторундагы "Аль-Ахли" ооруканасына жасалган аскердик соккунун кесепетинен жүздөгөн палестиналык жаран каза болгон окуяны кескин сындайт. Билдирүүнү ТИМ таратты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эл аралык гуманитардык укуктун бузулушун ар тараптуу иликтөөгө чакырат.
"Жарандык коом менен жарандык инфраструктураны коргоо каралган эл аралык гуманитардык укуктун принциптери менен нормаларын сактоо зарылдыгын белгилейбиз. Буга байланыштуу жай тургундар арасында адам өлүмүн болтурбоо жана зордук-зомбулукка жол бербөө максатында тараптар чара көрүп, согуштук аракеттерди тез арада токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан Израиль-Палестина жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн дүйнөлүк коомчулуктун аракетин Коопсуздук кеңеши менен БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык консолидациялоону колдойт.
Шаршембиде Газа секторундагы "Аль-Ахли" ооруканасына сокку урулган. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 500дөн ашык адам каза болгонун, алардын көбү аялдар жана балдар экенин айткан. Палестиналыктар менен израилдиктер күнөөнү бири-бирине оодарууда. Палестинанын Тышкы иштер министрлиги соккуну Израилдин учактары жасаганын айтса, Израилдин армиясы палестиналык "Ислам жихады" тобу ракетаны ийгиликсиз учуруп, натыйжада ал ооруканага тийгенин билдирүүдө.
РФ ТИМи Израилди ооруканага сокку урбаганын сүрөт менен далилдөөгө чакырды