Кулак-мурду кесилип кордолгон келин ооруканадан чыкты

Келиндин жанында энеси, агасы жана балдары бар.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип кордогон келин ооруканадан үйүнө чыгарылганын сиңдиси Диана Елькен билдирди.
Анын айтымында, эжеси өзүн жакшы сезип калган. Жанында энеси, агасы жана балдары бар.
"Ооруканадан бирөө аңдып жаткандай корко берчү. Психотроптук дарыларды ичип жаткандыктан улам уйкуга кетип жатат. Жумасына бир жолу бети-башын таңдырууга Улуттук госпиталга барып турат. Процедуралар оор өтүүдө, жаракаты бүтө элек", — деп жазды сиңдиси.
Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бычакталып, кулак-мурду кесилген. Бул кылмышка шектелип анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Жабырланган аялдын кескиленген органдарын калыбына келтирүүгө түркиялык пластикалык хирург акысыз жардам убадалаган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле.
27-сентябрда Чүй облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, келинди кордогон кишини 8 жылга соттоду.
Мурдагы аялын зордуктаган кишиге пробациялык мөөнөт берген сот иштен алынат