БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Чүчкүрүү — бул мурундун ичине кирген микроб же андагы былжыр челди тазалоочу табигый процесс. Ошондуктан аны тыюуга болбой турганын ЛОР дарыгер Людмила Елизарова Sputnik радиосуна айтып берди.
"Чүчкүрүү — бул мурундагы заттарды тазалоого жардам бере турган процесс. Чүчкүрүү менен вирус, бактериялар да чыгат. Айрым учурда мурун менен оозду жаап, аны тыйып коёбуз, анда деле бул процесс ишке ашат, болгону сыртка эмес, баары ичке кирет", – деп түшүндүргөн Елизарова.
Адистин айтымында, чүчкүрүүнү тыюу угуу органдарынын ооруларын жана башка илдеттерди пайда кылат.
"Чүчкүргөндө кан басым көтөрүлөт, аны тыйганда басым мурундагы өткөргүч каналга, угуу көңдөйү ачылган жакка, мурундан жаакты карай, мурундан үстү жакты карай тарайт. Башкача айтканда, сыртка чыгыш керек болгон нерселер, былжыр чел жогоруда айтылган жактарга кетет. Анын кесепетинен угуу көңдөйлөрүнө, кулакка инфекция кирип, синусит өрчүшү мүмкүн. Ага кошумча кан басым көтөрүлөт", — деп түшүндүрдү Елизарова.