Ноокатта баңги топтун иши бөгөттөлүп, 20 кг нашаа, 10 кг апийим алынды

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. УКМК узак мөөнөттүү атайын операциянын жүрүшүндө Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан каттамы аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө нашаа жана чийки апийим ташыган эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койгонун кабарлады.
1 / 3

УКМК узак мөөнөттүү атайын операциянын жүрүшүндө Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан каттамы аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө нашаа жана чийки апийим ташыган эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

2 / 3

Операция 11-октябрда жүргөн. Баткен — Ош жолунан (Ноокат) россиялык Б.С.С. жана кыргызстандык Р.Х.Э. кармалып, алардан жалпы салмагы 20 килограмм нашаа жана 10 килограмм чийки апийим табылган

3 / 3

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандар шектүү катары камакка алынды

Операция 11-октябрда жүргөн. Баткен — Ош жолунан (Ноокат) россиялык Б.С.С. жана кыргызстандык Р.Х.Э. кармалып, алардан жалпы салмагы 20 килограмм нашаа жана 10 килограмм чийки апийим табылган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандар шектүү катары камакка алынды.
УКМК учурда аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды издөөдө.
Кыргызстанда күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүп, 68 кг баңгизат табылды