Бишкек мэриясы 3 тез жардам унаасын сатып алууга конкурс жарыялады. Баасы

Машиналардын техникалык абалына 60 миң чакырым жүргөнгө чейин же бир жылга кепилдик берүү талабы коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы үч тез жардам унаасын сатып алуу үчүн конкурс жарыялады. Тиешелүү маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Сынактын талабы боюнча, автоунаалар А классында болушу шарт. Ичинде бейтаптарды ташууга ылайыкташкан жабдуулар, тагыраагы, замбилден тарта алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө керектелген каражаттардын баары камсыздалышы абзел. Машиналардын техникалык абалына 60 миң чакырым жүргөнгө чейин же бир жылга кепилдик берүү каралган.
Мекеме үч тез жардам унаасына 14 миллион 693 миң сом сунуштап жатат. Конкурска катышууну каалагандар 27-октябрга чейин табыштама жөнөтсө болот. Утуп чыккан компания 60 күндүн аралыгында алып келип бериши керектиги жазылган.
Кыргызстан россиялык компаниядан 128,8 млн. сомго 241 трансформатор сатып алды