Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский украиналык журналисттерден коррупция жөнүндө ооз ачпоону талап кылды

Мурда Зеленский аскердик абал учурунда коррупцияны мамлекетке чыккынчылык кылууга теңдей турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский украиналык журналистерге кайрылып, согуштук аракеттер бүткөнгө чейин коррупция темасын көтөрбөөнү талап кылды. Бул туурасында "Зеркало недели" басылмасынын башкы редактору Юлия Мостовая билдиргенин Sputnik радиосу жазды.
Журналисттин пикиринде, эгер өлкөдө коррупция көйгөйү тууралуу айтышпаса “эч кандай жеңишке жетүү мүмкүн эмес”. Мостовая Зеленский теманы жөн эле жаап коюуну талап кылганына нааразычылыгын билдирген.
“Ал “жеңишке чейин ооз ачпагыла” деди”, — деп жазган журналисттин сөзүн The New Voice of Ukraine бөлүштү.
Буга чейин Зеленский аскердик абал учурунда коррупцияны мамлекетке чыккынчылык кылуу беренесине теңдей турганын билдирген .
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЦРУнун экс-агенти: Зеленский Батыштын позициясынан улам айласын таппай турат