БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 15-21-октябрь аралыгына карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Чүй жана Талас облустары
15-20-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-октябрда күндүз тоолуу райондорго жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт.
Ош облусу
Бул аймакта 17-октябрга чейин күн ачык болот. 18 жана 21-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Андан кийин кайрадан күн ачык болот.
Жалал-Абад жана Баткен облустары
15-20-октябрда күндүн көзү бузулбайт. 21-октябрда күндүз тоолуу райондордо жамгыр жаап, кар түшүшү күтүлөт.
Ысык-Көл облусу
15-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-18-октябрда жаан-чачын болбойт. 19 жана 21-октябрда күндүз бийик тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда.
Нарын облусу
Аймакта жума бою күн ачык болот. Бирок 21-октябрда күндүз тоолуу райондордо жамгыр, кар жаашы күтүлөт.