Радио

Калыбеков: совет адабиятынын мыктыларынын той-аштарында эле жүрөбүз

Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков эгемендүүлүк алгандан тарта Кыргыз совет адабиятынын мыктыларынын той-аштарын белгилөө менен гана чектелип келерибизди айтты.
Sputnik
Эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз адабиятында жарк эткен мыкты жазуучу, акындар чыга элек. Бирин-серин бар, бирок алардын чыгармачылыгына деле олуттуу көңүл бурулбай, калың элдин катмарына жетпей келет. Мындай пикирин Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, соңку жылдары кыргыз адабиятында өзгөчө проза жанры аксап калды.
"Эгер биз XXI кылымда Чыңгыз Айтматовдой, Төлөгөн Касымбековдой жазуучуларды чыгара албасак, бул улуттун, бийликтин күнөөсү болот. Биз соңку 30 жылда бул багытта эч кандай иш аткарган жокпуз, убакыттан уттуруп жатабыз. Ошол эле XX кылымдагы Кыргыз совет адабиятынын мыктыларынын той-аштарын өткөрүү менен чектелип келебиз", — деди Калыбеков.
Ал мамлекет бул маселени колго албаса, Айтматов көтөрүп кеткен деңгээлден кыргыз адабияты өтө тездик менен кулап, көптөгөн жылдар калыбына келтириш оор болушу ыктымалдыгын кошумчалады.