УКМК: Көлбаевдин өчүн алууга келген үч чет элдик Өзбекстанга өткөрүп берилди

Атайын кызмат алардын Өзбекстанда да бир канча адамдарды ɵлтүргɵнү үчүн издөөдө жүргөнүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жакында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) өчүн алуу үчүн Өзбекстандан үч адам чек араны мыйзамсыз өтүп Кыргызстанга келишкен. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Атайын кызмат алардын Өзбекстанда да бир канча адамдарды ɵлтүргɵнү үчүн издөөдө жүргөнүн билдирди.

“Алдын-ала суракта берилген кɵрсɵтмɵлɵргɵ ылайык, Ɵзбекстандын ал жарандары мыйзамдагы ууру К. Асанбектин (Кɵлбаев – ред.) ɵчүн алуу үчүн келишкен. Керектүү адамды жок кылуу буюртмасы кылмыш дүйнөсүндөгүлөр тарабынан берилгенин билдиришти”, — деп кабарлады УКМКнын маалымат кызматы.

Адам өлтүрүүгө келгендерди УКМКнын кызматкерлери "Альфа" атайын багыттагы бөлүктүн жоокерлери менен биргеликте Бишкек шаарынан кармап, 13-октябрда Ɵзбекстанга ɵткɵрүп беришкен.
Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясы учурунда 4-октябрда жок кылынган.
Көлбаевдин тобун каржылап, ишин колдоп турган. Салимовго тагылган айыптар