Байсалов Жапаровдорго ыраазычылыгын билдирип, өкмөттүн ишине баасын берди

Байсалов министрлер кабинети түптөлүп, Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен иштей баштагандыгына эки жыл болгонун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов азыркы өкмөттүн негизги жетишкендиктерин атады.
Ал министрлер кабинети түптөлүп, Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен иштей баштагандыктарына эки жыл болгонун белгилеп, пикирин жазган.
“Эки жылдын ичинде жакшы ийгиликтерге жетише алдык. Мамлекет башчыбыз С.Н. Жапаровдун жетекчилигинде Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнү - бул факт! Алдыда дагы кыйын ашуулар турганы чын. Бирок жаратман элибиздин азыркы пейили жана бийликке болгон бекем ишеними — урматтуу Президент дайындаган эң амбициялуу максаттарды багынттырууга шарт түзүп турат”, — деген Байсалов.
Ал Садыр Жапаровго ыраазылыгын билдирип, Акылбек Жапаровду куттуктаган.
“Урматтуу Садыр Нургожоевичке жалпы министрлер кабинетинин атынан бизге тарыхый өзгөрүүлөрдү алып келчү командада кызмат тапшырып, ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем.
Өкмөт төрагасы Акылбек Жапаровду да эки жылдык башбаканлыгы (премьер-министрлиги — ред.) менен куттуктайм. Сиз бизге "мне с вами приятно работать" деп дайыма айтасыз, "мы гордимся тем, что с вами работаем" деп жооп бергибиз келет”, — деп жазган Байсалов.
Өтүнүч, эч ким оорубасын. Акылбек Жапаров аткаминерлерге кайрылды