Мурдагы аялын зордуктаган кишиге пробациялык мөөнөт берген сот иштен алынат

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун төрагасынын сунушун канааттандырганы маалым болду. Тиешелүү чечим президентке жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Соттордун кеңеши мурдагы аялын зордуктаган кишиге пробациялык мөөнөт берген сотту иштен алуу сунушун канааттандырды.
Буга чейин Жогорку сот Соттордун кеңешине ажырашкан аялынын кулак-мурдун кесип салган эркек кишини ага чейин зордуктап кордогону үчүн пробациялык мөөнөт менен бошотуп койгон сотту иштен алуу боюнча сунуш жөнөткөн. Сотторду тандоо кеңеши бул сунушту канааттандырып, тиешелүү чечим президентке жөнөтүлгөн. Зөөкүргө пробациялык мөөнөт берген сот Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токмаматов экени белгилүү болду.
Соттор кеңеши Ош, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынан дагы беш судья боюнча сунуштарды караган. Документтер президенттин кароосуна жөнөтүлдү.
20-сентябрь күнү эркек киши мурдагы аялынын үйүнө кирип барып кулак-мурдун кесип салган. Аялга операция жасалып, шектүү камакка алынды. Өткөн жылдын сентябрь айында Асел зордукталганын айтып биринчи жолу арыз жазган. Бирок Сокулук райондук соту жабырлануучунун тосмо арызынан улам ишти токтоткон.
Январда Асел кайрадан зордукталган. Сот анын мурдагы жолдошун күнөөлүү деп таап, бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүнүн негизинде эркиндикке чыгарган. Сот зөөкүрдүн улгайган курактагы энесин жана жабырлануучу экөөнүн ортосундагы эки баланы эске алган. Экинчи инстанция райсоттун чечимин жокко чыгарып, сегиз жылга камакка алды.
Энесинин кулак-мурду кесилип жатканда уулу үйдө болгон. Окуянын чоо-жайы