Бишкектеги КМШ саммити

Путин: борбору Чыгыш Иерусалимде болгон көз карандысыз Палестинаны түзүү зарыл

АКШнын Европадан келген сателлиттердин колдоосу менен Жакынкы Чыгыштагы жөнгө салуу укугун монополизациялоого аракет кылып келери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү каралган БУУнун формуласын ишке ашырууну Россия жактайт. АКШнын бир жактуу саясаты кырдаалды туңгуюкка кептеди. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Бишкектеги КМШ өлкө президенттеринин саммитинде билдирди.
Анын айтымында, Россия мамиле түзүүгө ынтызар болгон өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр. РФ Палестина-Израиль чатагын чечүүнүн сүйлөшүү жолунан башка ыкмасы жок деген позицияны карманат.
"Башкы максат борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүүнү камтыган формуланы ишке ашыруу болушу керек. Ал болуп көрбөгөндөй соккуга кабылып, мындан улам коргонууга аргасыз болгон Израиль менен тынчтыкта жашашы зарыл", — деген Путин.
РФ лидери Израиль менен Палестина эли башынан кечирип жаткан апаат АКШнын Жакынкы Чыгыштагы ийгиликсиз саясатынын натыйжасы экенин билдирди.
Анын айтымында, АКШ Европадан келген сателлиттердин колдоосу менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу укугун монополизациялоого аракет кылган. Өлкө башчы америкалыктардын бир жактуу саясаты туңгуюкка кептегенин айтты.
Путин Россия жаңжалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр экенин кошумчалады.
БУУнун агенттиги ыкчам борборун Газа секторунун түштүгүнө көчүрдү