Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдорунун ортосунда 51 келишим түзүлдү

ОшМУ 10 университет менен эки тараптуу кызматташуу жөнүндөгү келишимдерге кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда 51 келишим түзүлдү. Маалымат Ош мамлекеттик университетинин сайтына жарыяланды.
1 / 3

Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда 51 келишим түзүлдү

2 / 3

Бүгүн аталган окуу жайда Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун III форуму өттү

3 / 3

Иш-чара пленардык отурумдар менен башталды

Бүгүн аталган окуу жайда Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун III форуму өттү. Иш-чара пленардык отурумдар менен башталды.
Жыйында "Заманбап университеттердеги илим жана инновациялар", "ЕАЭБдин экономикасын өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо", "Келечектин педагогикасы: окутуунун жана тарбиялоонун жаңы ыкмалары" аттуу темалардын алкагында талкуу жүрдү.
Форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда 51 келишим түзүлдү. Мындан тышкары, ОшМУ төмөнкү 10 университет менен эки тараптуу кызматташуу жөнүндөгү келишимдерге кол койду:
Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университети;
Москва мамлекеттик лингвистикалык университети;
А.С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту;
Казань федералдык университети;
Челябинск мамлекеттик университети;
Н.И. Лабочевский атындагы Нижний Новгород мамлекеттик улуттук изилдөө университети;
Түштүк федералдык университети;
В.Г. Короленко атындагы Глазов мамлекеттик инженердик-педагогикалык университети;
Калмык мамлекеттик университети;
Түндүк-Батыш мамлекеттик университети.
Форумга Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган жетекчилер жана эки өлкөнүн ректорлору катышты.
ОшМУда Кыргызстан менен Россия ректорлорунун III форуму өттү