Владимир Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады

Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.
"Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын стратегиялык мамилелерин, союздаштыгын бекемдөөгө жана Евразия аймагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жапаров Садыр Нургожоевич Ардак ордени менен сыйланат", — деп айтылат жарлыкта.
Документке бүгүн, 12-октябрда, кол коюлган.
Бүгүн Россия президенти Владимир Путин расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Анын алкагында өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Түз эфирди шилтемеден көрүңүз.
Мындан тышкары, Sputnik Кыргызстан онлайн-репортаж жүргүзүүдө.
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Путиндин Бишкектин көчөлөрүндөгү кортежи. Видео