Күтүүсүз белек. Путин Жапаровго Ардак орденин тапшырган учурдун видеосу

Ардак ордени — Россиянын мамлекеттик сыйлыгы.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровго Ардак орденин такты.
Ардак ордени — Россиянын мамлекеттик сыйлыгы.
Путин сыйлык тапшырар алдында Садыр Жапаров эки өлкөнүн стратегиялык мамилелерин, союздаштыгын бекемдөөгө жана Евразия аймагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.
Ал эми Жапаров бул абдан күтүүсүз белек болгонун айтты.
"Чынын айтсам, мен үчүн сиздин мындай чечимиңиз абдан күтүүсүз, ошол эле учурда жагымдуу жаңылык болду. Муну кыргыз-орус мамилесинин жогорку деңгээли катары баалайм", — деди Кыргызстандын президенти.
Россия президенти Владимир Путин расмий сапар менен Кыргызстанга бүгүн келди. Анын алкагында өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Түз эфирди шилтемеден көрүңүз.
Мындан тышкары, Sputnik Кыргызстан онлайн-репортаж жүргүзүүдө.
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Жапаров: Путиндин сапары ири символикалык мааниге ээ