Путиндин Кыргызстанга расмий сапары

Жапаров: тарыхый достук байланыш менен биргелешкен келечек куруудабыз

Жапаров Кыргызстанга Россия сала турган мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыз-орус мамилесин бекемдөөгө чоң салым кошот деген ишеничин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тарыхый достук байланыш биздин курулуп келе жаткан биргелешкен келечектин бекем пайдубалы болуп саналат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров билдирди.
Ал Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилени кыргыз тарап жогору баалай турганын белгилеген.
"Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тарыхый достук байланыш биздин курулуп келе жаткан биргелешкен келечектин бекем пайдубалы болуп саналат. Эки өлкөнүн байланышын жана өнөктөштүгүн бекемдөөгө негиз да, кең келечек да бар", — деген президент.
Жапаров жакында эле Путин менен бирге мектептердин курулушуна старт берилгенин айтып, келечекте бул мектептин бүтүрүүчүлөрү кыргыз-орус мамилесин бекемдөөгө чоң салым кошот деген ишеничин билдирген.
Ал аймактар аралык байланыш да жакшырып жатканына токтолгон.
"Поезд Памяти", "Алые паруса" иш-чараларын, Екатеринбург, Челябинск, Курган жана Казань шаарларындагы кыргыз балет искусствосунун жаш таланттары жана чеберлеринин көргөзмөлөрүн өзгөчө баса белгилеп кетмекчимин. Жакын арада "Интердом — Кыргызстандын балдарына" долбоорунун алкагында 15 бала Россияга бармакчы", — деген президент.
Мамлекет башчы Россиянын өкмөт, ТИМ, ӨКМ, Росгвардия башчылары жана башка делегацияларынын Кыргызстанга болгон сапарын кыргыз тарап жогору баалай турганын кошумчалаган.
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Жапаров: Путиндин сапары ири символикалык мааниге ээ