БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. АКШ Украинага өмүр бою аскердик жардам бере албайт. Бул тууралуу Ак үйдүн стратегиялык коммуникация боюнча координатору Жон Кирби брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз 200 миллион доллар бөлүнөрүн жарыяладык. Жардам берүүнү улантабыз, бирок ошол эле учурда өмүр бою колдоо көрсөтө албайбыз", — деди Кирби.
Анын айтымында, АКШнын Украина менен Израилди кыска мөөнөткө колдоо мүмкүнчүлүгү бар. Бирок канчага экенин тактаган жок. Көп нерсе Израиль армиясы курал-жаракты канчалык интенсивдүү колдонорунан жана өлкөнүн аскердик өнөр жай комплекси курал-жаракты канча көлөмдө өндүрө аларынан көз каранды.
Палестина-Израиль чыры
7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тарады. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Аксаны каптоо", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
Соңку маалыматтар боюнча, Газа секторунда көз жумгандардын саны 1,2 миң болсо, жарадарлардын 5,6 миң адамга чамалап барганы айтылды. Ал эми каршылаш тарап Израилде согуштан 1200гө жакын адам көз жумган.