Шарты катаал аймактагы бөбөктөргө 5000 сомдон кем эмес пособие берүү сунушталды

Учурдагы мыйзам боюнча ата-энеси көбүрөөк киреше тапса, балдарына жөлөк пул чегерилбейт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Колунда бар-жогуна карабай баласы үч жашка чыкканга чейин жөлөк пул берүү мыйзам долбоору сунушталды.
Ай сайын төлөнүүчү пособиенин суммасы 5000 сомдон кем болбошу керек деп белгиленген. Бул бийик тоолуу жана алыскы райондордо, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө тиешелүү.
Демилгени депутат Камила Талиева көтөрүп, документ Жогорку Кеңештин кароосунда турат.
"Мыйзам долбоорунун максаты шарты катаал аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо болуп саналат. Бийик тоолуу аймактарда мектептер, дүкөндөр жана медициналык мекемелер алыс болгондуктан жол чыгымдары көп. Мындай шарттарда жашаган балдар көбүнчө климаттан келип чыккан ооруларга, ошондой эле башка кызматтардын жетишсиздигине туш болушат", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Учурдагы мыйзам боюнча ата-энеси көбүрөөк киреше тапса, балдарына жөлөк пул чегерилбейт. Эл өкүлү жогорку категориялар боюнча социалдык-экономикалык абалына карабай пособие берүүнү сунуштап жатат.
Ата-энесин таштап кеткендерди мамкызматка албай, алиментти көбөйтүү сунушталды