Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция

Жалал-Абадда Россия-кыргыз аймактар аралык конференция ишин баштады

Эки өлкөнүн ишкерлери менен чиновниктери көп багыттуу кызматташууну талкууламакчы.
Sputnik
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Жалал-Абадда Россия-кыргыз аймактар аралык конференция ишин баштады.
Шаарга Россия менен Кыргызстандын өкүлдөрү кызматташууну, долбоорлорду каржылоону, туризм, соода жана ритейл багыттарын талкуулоо үчүн чогулушту. Программа өнөр жай объектилерин кыдырууну, Россия менен Кыргызстандын региондорунун "Достук" паркына капсула салуу аземин, көргөзмө жана бизнес-сессияларды камтыйт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.
1 / 2

Шаарга Россия менен Кыргызстандын өкүлдөрү кызматташууну, долбоорлорду каржылоону, туризм, соода жана ритейл багыттарын талкуулоо үчүн чогулушту

2 / 2

Программада өнөр жай объектилерин кыдырууну, Россия менен Кыргызстандын региондорунун Достук паркына капсула салуу аземин, көргөзмө жана бизнес-сессияларды камтыйт

Конференция ишкерлер кеңешинин жыйыны менен башталды. Мында эки өлкө компанияларынын долбоорлору сунушталат. Андан тышкары, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун, энергетика, агроөнөр жай комплекси, микроэлектроника сыяктуу тармактардын артыкчылыктуу багыттары талкууланат.
Конференция Кыргызстан менен Россия футбол командаларынын жолдоштук беттеши менен жыйынтыкталмакчы. Иш-чара эки өлкөнүн алакасын бекемдөөгө арналган.
РКӨФ быйыл Кыргызстандын экономикасына 99 млн. доллар инвестиция салды