БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. "Росатом" компаниясы Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну пландап жатканын компаниянын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн "НоваВинд" компаниясынын ("Росатом" мамлекеттик корпорациясынын шамал энергетикалык дивизиону) башчысы Григорий Назаров менен Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков Ысык-Көл облусунда шамал электр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгып, аны ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшту.
"Росатомдун адистери өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын чечүүгө салым кошуу үчүн бардык аракетин жумшайт", — деген Назаров.
РКӨФ башчысы Ысык-Көлдө күн станциясын куруу боюнча долбоор да иштелип жатканын белгилеген. Ал фонд Кыргызстандагы электроэнергиянын тартыштыгын азайтуу үчүн инвесторлорду тартууга басым жасап жатканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, Жалал-Абадда Россия-кыргыз аймак аралык Х конференция өтүп жатат. Анда эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулоодо. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров менен РФ лидери Владимир Путин онлайн катышты.