Карылар үйүнө түшкөн 19 ата-эне баласынан алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылды

Парламентте ата-энесин карабай койгон балдарды жазалоо мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын алты айында Карылар үйүнө түшкөн 19 ата-эне балдарынан алимент өндүрүп берүүнү өтүнүп кайрылды. Бул туурасында Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев парламентте билдирди.
Бүгүн парламентте ата-энесин карабай койгон балдарды жазалоо мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Демилгечи депутат Тазабек Икрамов көп учурда улгайган адамдар балдарына каршы арыз жазбай турганын белгиледи. Эгер мыйзам күчүнө кирсе алар Карылар үйүнө келгенде мекеменин директору дароо алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылат. Айыптын суммасы 50 миңден 100 миң сомго чейин жогорулатылды.
Мындай балдар мамлекеттик жумушка да алынбайт. Эл өкүлү ата-энесине жакшы мамиле кылбаган адам мамлекетке да жарытып кызмат кылбайт деп эсептейт.
Шарты катаал аймактагы бөбөктөргө 5000 сомдон кем эмес пособие берүү сунушталды