Көлбаевдин тобун колдогон. УКМК Күрөш федерациясынын вице-президентин кармады

Иминов Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. УКМКнын маалымат кызматы Кыргызстандын Күрөш федерациясынын грек-рим күрөшү боюнча вице-президенти Ахрор Иминов кармалганын кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу топторун каржылап турган деп шектелүүдө.
"И.А.Х. жүк ташуу жана логистика боюнча бир нече компаниянын ишине кийлигишип, алардан уюшкан кылмыштуу топтун жалпы кассасына деп кирешесинин 30 пайызга жакынын алууга катышкан", — деп айтылат маалыматта.
Иминов Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда.
Көлбаевдин тобун каржылап, ишин колдоп турган. Салимовго тагылган айыптар