Өлкөдө мектеп мугалимдеринин 87%ы жогорку билимдүү. Статкомдун сандары

Кыргызстан боюнча 124 миңге жакын педагог иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 000ден ашык мекеме бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, анда жалпысынан 124 миңге жакын педагог 2 миллионго жакын балдарды, окуучуларды, студенттерди тарбиялайт.
Комитет өлкөдө мугалимдик кесипти негизинен аялдар аркалай турганын белгиледи. Мектептердеги мугалимдердин 86 пайызын аялдар түзөт. Алардын сегиз пайызы директор жана директордун орун басары кызматын ээлешет.
"Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жогору. 2022-2023-окуу жылынын башына карата мугалимдердин 87 пайыздан ашыгынын жогорку билими бар экендиги аныкталды. Бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет", — деп айтылат маалыматта.
Анда кошумчалангандай, республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир бешинчи студент педагогдук кесипти тандаган. 2023-жылы республикада 7000ден ашык студент педагогика багытын бүтүргөн.
Кыргызстандын мектептеринде Россиянын 112 мугалими эмгектенүүдө