БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин кечээ, 7-октябрь туулган күнүндө, кесиптештерин жаңы жолтандабасына салып өзү айдады. "Ново-Огарево" резиденциясындагы бейформал жолугушуудагы видеону журналист Павел Зарубин жарыялады.
Видеодон Путин алгач Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди, андан кийин Казакстан башчысы Касым-Жомарт Токаевди Aurus үлгүсүндөгү увтоунаасына салып, аны өзү башкарууга отурганы көрүнөт.
Кечээ үч өлкөнүн лидерлери: Владимир Путин, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Өзбекстанга Россиядан газ жөнөтүү процессине старт беришкен.
Путин Өзбекстан энергетика менен жабдуунун жаңы булагын аларын, Казакстан түндүктү газдаштыруу маселесин чечерин билдирди.
Жакынкы эки жыл аралыгында Россия Казакстан аркылуу Өзбекстанга 2,8 миллиард куб метр көгүлтүр от бермекчи.